• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Коргонбай уулу vs Бейшеналиев. Депутаттардын пикири

3 Чын куран 2024 12:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйнында депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча билдирүү жасап, министрликтин дарегине сын айтты.

Ал өзү айтып жаткан маселелер боюнча далилдери бар экенин айтып, президентке жана УКМК төрагасына кайрылды.

Коргонбай уулунун комиссия түзүү сунушун бир нече депутаттар колдоп, өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагындагы абалга нааразы болушту. Натыйжада Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Буга чейинки жыйында дагы Коргонбай уулу министрди сындап чыккан, андан соң ал депутатты сотко берген.

Бул маселелер боюнча башка эл өкүлдөрү эмне дейт?

Количество просмотров: 508