Бүгүн Кыргызстандын аймагында дагы 107 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрдагы брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 47 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Чүй облусунда 4 адам;
— Ош облусунда 4;
— Талас облусунда 6;
— Ысык-Көл облусунда 5;
— Жалал-Абад облусунда 14;
— Баткен облусунда 26 адам.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 41 миң 210 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.