• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: 12 адамдын абалы оор

30 Бугу 202010:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдетин жуктурган 593 адам бейтапканаларда дарыланууда.

«Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 82 адамдын абалы орточо оор, 499 бейтаптын абалы канааттандырарлык», — деп билдирди министрдин орун басары.

Количество просмотров: 87