Коронавируска кабылгандардын арасында 5 бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
«Бүгүнкү күнгө карата оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын экөө Ноокатта, Ош облустук биргелишкен ооруканасында бирөө жана Жалал-Абадда 2 жаран жатат», — деди Мамбетов.