• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Коронавирус: 6 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

8 Бугу 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн, 8-майга карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны 906 адамга жетти. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 244 адам дарыланып жатат, алардын ичинен 12 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бейтаптардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө.

Бүгүнкүгө карата ооруканадан 650 адам чыгарылды. Коронавирус аныкталгандан кийин 12 адам каза болгон.

Количество просмотров: 58