• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус: 8 бейтаптын абалы оор

10 Чын куран 202010:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын арасынан 8 адамдын абалы оор. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 10-апрелде билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан стационарларда 254 адам бар.
10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 298 болду. Алардын ичинде 39 медицина кызматкери бар.

Коронавиурс аныкталган 5 адам көз жумду.

Количество просмотров: 292