• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: Айрым өлкөлөр кайрадан карантин киргизе баштады

24 Аяк оона 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Израиль 25-сентябрдан тарта эки апта “толук карантинге” өтө турган болду.

Бир апта мурда эле бул өлкө дүйнөдө алгачкылардан болуп кайрадан карантин киргизип, мектеп, бала бакча, мейманкана, соода борборлору, эс алуу жайлары жана пляждар жабылган. Шаршембиге карата бул өлкөдө коронавирус жукканы аныкталган күндүк көрсөткүч 7 миңге жеткен.

Ал эми Франция 23-сентябрда жаңы масштабдуу чектөө чараларын жарыялады. 26-сентябрдан тартып өлкө түштүгүндөгү Марсель жана Экс-ан-Прованс шаарларындагы бардык ресторан, барлар жабылат. Париж, Лион баштаган он чакты ири шаарында коомдук тамактануу жайларыны иш убактысы чектелет. Спорт залдары да жабык болмокчу. Акыркы аптада Францияда күнүнө 10 миң жаңы учур катталып, жаздагы көрсөткүчтөн ашып кетти.

Британия менен Чехияда саат 22.00дөн кийин ресторан, барлар жабылып, беткап кийүүгө милдеттүү жайлардын саны көбөйтүлдү.

Акыркы күндөрү жаңы учурлар 10 миңден аз болбой жаткандыктан Испаниянын Мадрид аймагында ички райондор аралык каттоо чектелди.

Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коопсуз жана эффективдүү вакцина жыл аягына чейин же эмки жылдын башында иштелип чыгарына ишеним бар экенин 23-сентябрда Конгресске билдирди.

Количество просмотров: 279