• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Коронавирус аныкталган 11 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда

12 Чын куран 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканаларда жаткандардын саны 318ди түзөт. “Алардын ичинен 11инин абалы оор, ал эми алтоо реанимация бөлүмүнө жаткырылды”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 38 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 377ге жетти.

Количество просмотров: 389