• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: Атайы эсепке 80,5 млн сом түштү

2 Чын куран 202014:33 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү максатында ачылган атайын эсепке акча которуулар улантылып жатат. Каражаттын суммасы 31-мартта саат 17:00гө карата 80 млн сомдон ашканын республикалык ыкчам штаб билдирди.

Так сумма — 80 млн 552 миң 233 сом. Ачылган эсептер жөнүндө толук маалымат Каржы министрлигинин сайтында бар.

Количество просмотров: 133