Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелге карата маалымат менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифингде айтты.
Өлкөдө жалпы 631 адам коронавирус менен катталды. Стационарда 321 адам бар.
Ооруканадан жалпы 302 адам чыгарылып, 8 жаран каза тапты.