• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус боюнча статистиканы күтүп коом тажады. Штаб себебин айтты 

19 Теке 2020 18:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июлда COVID-19 илдети боюнча акыркы сутка ичиндеги статистика кеч берилди.

Республикалык штаб коронавирус менен пневмонияны кошуп санагандан кийин маалыматтарды тактоо кыйынчылык жаратканын айтты.

«Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан статистикаылк маалыматтарды тактоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат өз убагынан кеч берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан улам штаб 16 жана 18-июлдагы статистикалык маалыматтарда айырмачылык болорун эскертти.

Бул арада coronavirus-monitor.info сайтында
19-июлуна карата Кыргызстанда Covid-19 коронавирустук инфекциянын 24 606 учуру катталганы жана акыркы сутка ичинде инфекцияга чалдыккандардын саны 11 505ке көбөйгөндүгү тууралуу маалымат чыгып, элди дүрбөлөңгө салды.

Количество просмотров: 998