• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирус: Дүйнө калкынын үчтөн бири карантин шартында жашап жатат

25 Жалган куран 2020 9:30 Бишкек Govori.TV

Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөнүн ондогон өлкөсүндөгү 2,6 миллиарддан ашык адам карантин режиминде жашап жатат. 24-март күнү кечинде Индиянын 1,3 миллиард тургунуна карата чектөө чаралары киргизилди.

Францияда медицина тармагындагы адистер өкмөткө 17-мартта киргизилген карантинди алты жумага узартууну сунушташты.

Шейшемби күнү Куба чек араларынын жабылганына байланыштуу чет өлкөлүк туристтерди карантинге жайгаштыра баштады.

24-мартта Кытайдын Хубей провинциясында чектөө чаралары алынып, дени сак адамдардын аймактан чыгуусуна уруксат берилди. Эпидемиядан эң көп зыянга учураган Ухань шаарында карантин эрежелери 8-апрелден тартып жумшартылат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 422 миңден ашты. 19 миңге жакын адам каза болуп, 108 миңден ашыгы айыгып чыкты.

Эң көп адам курмандыктары Италияда катталды – вирус жуктурган 69 176 кишинин 6820сы каза болду.

Континенталдык Кытайда илдетке чалдыккан 81 171 кишинин 3277си өлдү.

Испанияда 42 058 бейтаптын 2991и каза болду. Иранда вирус жуктурган 24 811 адамдын 1934ү өлдү. Францияда илдетти 22 304 киши жуктуруп, 1100ү каза тапты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баамында, инфекциянын тез жайылышы АКШда оорунун дүйнөдөгү эң ири очогун пайда кылышы мүмкүн. Бул өлкөдө илдетке чалдыккан 54 808 адамдын 775и өлдү. Пентагон Кошмо Штаттарда эпидемия кеминде бир нече айга созулуп, өлкө кадимки жашоого июнь-июль айларында кайтып келет деп божомолдоодо.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо Нью-Йорк шаарында коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны үч күн сайын эки эсеге көбөйүп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 152