• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Коронавирус дагы 52 адамдан жаңы аныкталып, үч бейтап каза болду

8 Жетинин айы 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-ноябрга карата коронавирус дагы 52 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 816 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 882 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 246 киши айыгып чыкса, 2 689 адам каза болду.

Количество просмотров: 97