• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Коронавирус: Дарига Назарбаеванын Кыргызстанга болгон иш-сапары жылдырылды

13 Жалган куран 2020 16:40 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мындай чечим төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган.

«Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленген.

Количество просмотров: 101