Өлкөдө 1 миң 788 адам коронавирус жана пневмониядан үй шартында дарыланууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында ооруканаларда 527 бейтап дарыланып жатат.
«Бишкек шаарында 103 киши, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 86, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 67, Жалал-Абад облусунда – 83, Талас облусунда – 14, Баткен облусунун ооруканаларында 113 бейтап дарыланууда», — деди Акматова.