• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Саясат таануучулар Баязовго дарыланууга уруксат берүүнү суранышты

1 Баш оона 2023 13:48 Бишкек Govori.TV

Саясат таануучулар Бакыт Бакетаев менен Марс Сариев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдоп, Кемпир-Абад иши боюнча камактагы Марат Баязовго дарыланууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу кайрылууну адвокат Эркин Саданбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Буга чейин жактоочу Эркин Саданбеков «массалык башаламандыкка» шектелип, Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Марат Баязовдун ден соолугу начарлап кеткенин билдирди. Жактоочу Баязовду ооруканага жаткырууга уруксат сурап Жаза аткаруу кызматына, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Саданбековдун айтымында, буга чейин Баязов Бишкектеги менчик лабораториядан текшерүүдөн өтүп, ага калкан бездеги аденома диагнозу коюлган.  

Жаза аткаруу кызматы Баязовдун ден соолугу боюнча комментарий бере элек.

20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткан сегиз адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырган чечим чыгарган. Алар: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги кафеде жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 87