• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавирус: Кафе-ресторандарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

20 Үчтүн айы 2022 10:50 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Маалыматка ылайык, Чүйдө 15-январдан тарта кафе-ресторандарда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.

Кошумчалангандай, бардык санитардык нормаларды сактоо менен бирге коомдук тамактануу жайларында бир эле убакта элүүдөн ашпаган адам болууга тийиш.

Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери коомдук тамактануучу жайлардын арасында рейддерди өткөрүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, мыйзам бузуулар аныкталган учурда айып салышат.

Количество просмотров: 160