• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Коронавирус: Кыргызстандагы үч аэропорт чектөө киргизди

28 Кулжа 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору жүргүнчү тосуп алгандар менен узаткандарга чектөө койду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба майдандардын имаратына көрсөтүлгөн күн боюнча учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Мындай чара эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында көрүлүп жатат.

«Чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат»,-деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 442