Эртең 17-апрелден тарта «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин аэровокзалдын ичине бөтөн адамдардын, анын ичинде узатып жана тосуп алууга келген жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. Аэровокзалга авиабилети бар гана адамдар киргизилет.
«Авиажүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн аэропорттун аймагына коргоочу медициналык маска менен кирүүсү жана каттоочу зоналарда, учуу алдындагы текшерүүдөн өтүү жайларында 1.5 метр аралыкты сактоо маанилүү экендигин эскертебиз. Урматтуу жүргүнчүлөр, шартка ылайык бул чектөө чаралары сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн кабыл алынды. Эрежелерди сактап, ден-соолугуңуздун сак болушуна кам көрүүңүздү өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.