• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: Москвадагы мектептерде эки апталык каникул жарыяланды

29 Аяк оона 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

Москва мэри Сергей Собянин коронавирус жуктургун учурлар көбөйүп жатканына байланыштуу шаар мектептеринде 5-18-октябрь аралыгында эки апта каникул болорун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, санитардык дарыгерлердин сунушу боюнча күзүндө сасык тумоо жана коронавирус жуктурган учурлар көбөйүп жатканын эске алуу менен каникулду эки аптага узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул маалда дистанттык окуулар да болбойт. Кошумча билим берүү мекемелери да өз ишин токтотот.

Собянин ата-энелерге кайрылып, каникул учурунда балдар үйдөн же чыкпаш керек экенин эскерткен.

Белгилей кетсек, 28- сентябрда Россия Федерациясынын аймагында 8135 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Көптөн бери бир суткада катталган бейтаптардын саны 8 миңден аша элек болчу.

Количество просмотров: 101