• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Коронавирус: Обсервацияны кеңейтүүгө чатырчалар шаарчасы үчүн орун каралууда

22 Кулжа 2020 11:41 Бишкек Govori.TV

 Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков «Манас» Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу биз өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундарды көбөйтүп жатабыз. Мындан тышкары мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы даяр корпустарга COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот Мында аларды дарылоого бардык шарттар каралган», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Тактап айтканда, карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата турган 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка эсептелген. Ошондой эле ушундай эле көлөмдөгү дагы 5 корпус бар.

«Биз азыр аталган 5 корпусту пайдалануу мүмкүндүгүн караштырып жатабыз. Мындан тышкары ар бир бөлмөсүндө шарты бар башка корпустар да бар, бирок анда ремонт талап кылынат. Буга катар премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, массалык түрдө оорулуулар пайда болгон учурда чатырчалар шаарчасы үчүн орун каралууда. Белгилей кетсем, учурда чатырчалар шаарчасына муктаждык жок. Бирок биз ар кандай абалга даяр турушубуз керек. Жарандар тийиштүү шартта дарылануудан өтүшү керек», — деп билдирди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр карантиндик аймакты тейлеген кызматкерлер тарабынан коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертти жана аларды антисептикалык, дезинфекциялоочу жана жеке коргонуу каражаттары менен тийиштүү көлөмдө камсыздоону тапшырды.

Количество просмотров: 269