• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус. Ошко башка аймактардан кирүүгө чектөө коюлду

18 Жалган куран 2020 15:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,18-мартта шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун жетекчилигинде Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча атайын штабдын жыйыны болуп өттү.

Шаар башчысы штабдын курамындагы кызматкерлерден учурдагы абал тууралуу маалымат алып, тийиштуу тапшырмаларды берди.
Т.Сарыбашов коронавирустун алдын алуу үчүн шаар тургундарын зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай туурууну сунуштады.

“Учурда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Ошондуктан ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарууга, зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну кыскартуу керек. Шаарда маданий, спорттук иш-чараларды, ар кандай жыйындарды, тойлорду, мааракелерди өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дүкөн, дарыканалар штаттык тартип менен иштеп жатат”,-деди Сарыбашов.

Ошондой эле, штабдын жыйынында аймактардан кирип-чыккан каттамдарга да убактылуу чектөө киргизилгени маалым болду.

Ал эми Ош Эл аралык аэропортунун жетекчиси Талантбек Ысаков учурда аэропортто ички каттамдар гана каттап, Эл аралык каттамдар убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

Количество просмотров: 4076