• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: Отунбаева дарыгерлерге пенсиясынан 1 млн. сом которот

2 Чын куран 202016:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзүнүн пенсия топтомунан 1 миллион сомду коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине которуп бермей болду.

«Өз өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан алдыңкы линиядагы дарыгерлерди колдош үчүн которуп жатат. Экс-президент өзүнүн кадыр-баркы менен башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан. Бирок, аны тез чечүүдө авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, каражатты дарыгерлерди колдоого которуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 142