• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Коронавирус пайда болгон учурдан баштап Кыргызстанга 6767 биздин жарандар кайтып келишкен

23 Чын куран 2020 22:53 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдө коронавирус пайда болгон учурдан баштап ТИМ жана КРдин башка мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргызстанга 6767 жаран кайтып келди, алардын көпчүлүгү Россиядан, ошондой эле, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Египет, Таиланд, Кытай, Малайзия, Корея, Индонезия, Шри-Ланка, Вьетнам өлкөлөрүнөн келди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Мындан сырткары, Москвадан келген каттам менен жарандар АКШ, Франция, Улуу Британия, Доминикана Республикасы ж.б. мамлекеттерден келишти. 

Азыркы учурда Кыргызстанга Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан 4 миңден ашык жаран кайтып келүүнү каалап жатышат.
Ошондой эле, буга чейин Россиядагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү Россиянын токтотулуп калган каттамына авиабилеттерди алып алышкан.   

Количество просмотров: 110