• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавирус тик учак менен чачылып жатат деген маалымат боюнча министрлик түшүндүрмө берди

14 Үчтүн айы 2022 16:39 Бишкек Govori.TV

Буга чейин соцтармакта жарыяланган учак менен вирус таратып жатат деген кабар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги түшундүрмө берди.

Маалыматка ылайык, күндүн ультракызгылт нуру вирусту тез жана эффективдүү жок кылат, бул COVID-19 тышкы чөйрөдө туруктуу эмес экенин көрсөтүп турат.

“COVID-19 абадагы тамчылар аркылуу жугат, башкача айтканда, оорулуу адам дем алганда андан чыккан тамчылар соо адамдын дем алуу системасына кирет. Мисалы жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшкөндө. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алуу үчүн жеке коргонуу каражаттары жок жабык жайларда болуу сыяктуу белгилүү бир шарттар керек. Инфекция жуккан жерди кармап андан кийин көзүңүздө, оозуңузду же мурунуңузду кармаганда жугушу мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалагандай, асмандагы учактын изин коронавирустук инфекциянын жайылышынын көрсөткүчү эмес деп айтууга болот.

Буга чейин соцтармакта жарыяланган учак менен вирус таратып жатат деген кабарлар тарап, видеолор жайгаштырылган.

Количество просмотров: 10748