• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коронавирус: Учурда ооруканаларда 507 бейтап дарыланууда

14 Аяк оона 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын ооруканаларында 507 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Cаламаттык сактоо министригинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 1 миң 903 адам дарыланып жатат.

«Бишкек шаарында 114 киши, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 68, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 67, Жалал-Абад облусунда – 89, Талас облусунда – 18, Баткен облусунун ооруканаларында 94 бейтап дарыланууда», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 47 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 928ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 23 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду

Количество просмотров: 33