• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: Жандандыруу бөлүмүндө 6 адам бар

30 Чын куран 202010:48 Бишкек Govori.TV

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган бейтаптардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 6 бейтап реанимацияда жатат. 44 бейтаптын абалы орточо оор. 220 адамдын абалы канааттандырарлык», — деди Акматова.

Количество просмотров: 76