Бүгүнкү онлайн жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымат берүүдө.
Анын айтымында, Кыргызстанда дагы 10 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын арасында эки медицина кызматкери бар.
«Бишкекте бир кишиден, Ноокатта бир, Ош ошаарында үч, Сузакта төрт, Аксы районунда төрт кишиден коронавирус чыкты», — деди Каратаев.
Ушуну менен Кыргызстандагы жалпы бейтаптардын саны 280ге жетсе, алардын 34 медициналык кызматкерлер.