• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор

9 Чын куран 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 246 бейтап ооруканада жатып, дарыланууда.

«Алардын ичинде 10 бейтаптын абалы оор. Бешөө реанимация бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат аймактык ооруканасында, төртөө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат», — деди Каратаев.

Количество просмотров: 407