Кыргызстанда коронавирус жуктурган 394 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор. Анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат.
«63 адамдын абалы орточо оор, 320 бейтаптын абалы канааттандырарлык», — деди Үсөнбаев.