Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавирус жуктурган 387 адам бейтапканаларда дарыланууда.
«Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор. Анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. 48 адамдын абалы орточо оор, 328 бейтаптын абалы канааттандырарлык», — деди Үсөнбаев.