• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирус жуктурган 346 адам бейтапканаларда дарыланууда

20 Бугу 2020 10:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 346 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат.

«48 адамдын абалы орточо оор, 286 бейтаптын абалы канааттандырарлык», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270ти түзөт. Алардын ичинен 910 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Количество просмотров: 52