• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор болууда

27 Бугу 2020 10:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтапканаларда 461 адам дарыланууда.

«Коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. 83 адамдын абалы орточо оор, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Количество просмотров: 142