• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавирус жуктурган гипермаркеттин кызматкери 48 адам менен байланышта болгон

16 Бугу 2020 16:09 Бишкек Govori.TV

«Фрунзе» гипермаркетинин коронавирус жуктуруп алган кызматкери 48 киши менен байланышта болгон. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

«Акыркы убакта шаардын көчөлөрүндө жөө адамдар менен унаалардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу Бишкек шаарында вирусту жуктуруп алуу коркунучу дагы деле бар экенин белгилей кетели. 16-майга карата шаар тургундары арасында коронавирус менен жабыркап жаткандардын саны 305 адамды түзөт. Баарына маалым болгондой, жакында эле борбор калаадагы гипермаркеттердин биринде иштеген кызматкер дагы вирус жуктуруп алганы аныкталып, 48 адам менен байланышта болгон. Андыктан жарандарды өтө зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого чакырабыз. Санитардык нормаларды жана адамдар менен байланышта аралыкты сактоону сунуштайбыз», — деди шаардын вице-мэри.

Количество просмотров: 107