Бишкек шаардык УКМКнын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы кармалды. Бул тууралуу ЖМКлар күч органдарындагы булактарына таянып билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 16-февралда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын кызматкери «Пито» деген каймана аты менен белгилүү болгон Дүйшөнбиев Сыдыкты кармашкан.
Ал УКМКнын 6-башкармалыгында иштеп, 15-февралда камакка алынган. Бишкек шаардык УКМКнын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы болгондугу белгилүү.
14-февралда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси алмашты. Эльдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов дайындалды. 15-февралда Жакыпбеков кармалды.