• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдардын саны 2 миңге жетти

18 Жалган куран 2020 17:05 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгон адамдардын саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери — саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта өкмөттөгү кезектеги брифингде билдирди.

Анын айтымында, кичи ажыдан келгендер айылдаштары, туугандары менен сөзсүз түрдө жолугушат.

«Алар айылдагы тургундардын баары менен байланышта болгон деп айтууга болот. Бүгүнкү күндө кимден мазок алуу керек, кимден алуунун кажети жок экени аныкталып, иштер жүргүзүлүп жатат. Биз алар менен байланышта болгон адамдарды издөө боюнча максималдык түрдө иш алып барып жатабыз. Биздин эсеп боюнча алардын саны 2000 адамга жетти», — деди ал.

Количество просмотров: 787