• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Үсөнбаев: Коронавирус өтө бийиктеп кеткен учур катталган жок, биздики стабилдүү келип жатат

24 Чын куран 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берди. Анда министрдин орун басарына коронавирустун күчөгөн маалы 23-24-апрелге туура келет деп айттыңыздар эле. Коронавирус эпидемиясы мындан ары азаябы? деген суроо узатылды.

Аталган суроого ага министрдин орун басары төмөндөгүдөй жооп берди:

«Өлкөдө коронавирустун кеңири тарап кетүүсүнө шарт түзүлгөн жок. Эпидемиологиялык параметрлерге таянсак, бийиктеген учурду байкабадык. Кыргызстанда оорунун жайылышы тик өспөй, кыйгач вариантта кетти. Ар бир жумада чыккан сандарды анализдеп келдик. Адистер коронавирустун жогорку чеги 20-24-апрелге туура келерин божомолдошкон. Көп каттала турган учурлар ушул күндөргө туура келип жатат. Мындан ары бийиктейт деп айткандан алысмын. Бир жуманын ичинде абал турукташа баштайт деп айтса болот го. Бирок тартип сактап, вирусту жайылтып албоого аракет кылганыбыз дурус. Ооруп калгандар менен байланышта болгон 8500гө чукул адамды текшерип, карап жатабыз. Жалпысынан ылдыйлайт деп айтууга негиз бар. Мындан аркы чараларды өкмөт менен акылдашып жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 5327