• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавируска кабылган алты адам реанимацияда жатат

4 Чын куран 2020 10:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавируска кабылган алты адам реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ноокат районунда дарыланып аткан 59 жаштагы эркек кишинин абалы оор, Ош шаарында жаткан 45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор, 1-апрелден тарта жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Ушул эле шаарда жашаган 43 жаштагы аялдын абалы оор. 60 жаштагы дагы бир аял оор абалда жатат, эки күн мурда инсульт алган, жасалма дем алдырылууда.

Нарын шаарында 60 жаштагы аялдын абалы оор, жасалма дем алдырууга муктаж.

Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы жигиттин абалы оор, бүгүн палатага которулат.

Количество просмотров: 209