• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке 5млн. сомдон ашык каражат түштү

22 Жалган куран 202017:17 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылдын 22-мартына (саат 14.00гө) карата билдирет:

Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн каражаттын суммасы 5 млн 294 миӊ 358 сомду түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, эсеп жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү максатында ачылган.

Количество просмотров: 409