COVID-19га каршы эмдөө медициналык каршы көрсөтмөсү жок жарандарга, жарандардын ыктыярдуу макулдугу менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук кардиология жана терапиця борборунун директорунун орун басары Назгүл Өмүрзакова билдирди.
«Эмдөө 18 жаштан жогорку жарандарга жүргүзүлөт. Эмдөө күнү бейтап дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшү керек: жалпы текшерүү жана дене температурасын өлчөө милдеттүү түрдө, эгерде дене табы 37 ° Сдан жогору болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт», — деп билдирди Улуттук кардиология жана терапиця борборунун директорунун орун басары Назгүл Өмүрзакова.
Ал белгилегендей, эмдөөнүн экинчи этабы биринчи этаптан 21-28 күн өткөндөн кийин болот.
«II компонентти колдонууга каршы көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет: анафилактикалык шок, катуу жалпыланган аллергиялык реакциялар, карышуу синдрому, дене табынын 40 ° Сдан жогору болушу», — деп кошумчалады ал.