• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавирустан 14 бейтап айыгып чыкты. Арасында 1 жашка чыга элек наристе бар

17 Чын куран 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын инфекция бөлүмүнөн коронавирус илдетине кабылып, дарылануудан соң айыккан 14 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардан 13ү Сузак районунун, ал эми бир бейтап шаар тургуну. Мындагылардын 9у аталган дарт аныкталгандар. Акыркы алынган анализдерге ылайык алардын ден соолугунун абалы жакшырган. Арасында 1 жашка чыга элек наристе, 5 жана 10 жаштагы балдар да бар. Азыркы учурда жугуштуу ооруулар бөлүмүндө 1 гана оорулуу калып, дарыгерлер тарабынан анын абалы орточо оордукта экени айтылды.

Буга чейин 16-марттан тарта облустук клиникалык ооруканасына коронавирус илдетине кабылган 52 оорулуу дарыланууга алынса, бүгүнкү күндө алардан 41и айыгып үйлөрүнө жиберилди. Бөлүмдө иштеген 22 медицина кызматкери обсервацияга алынып, азыркы учурда 19 дарыгер эмгектенүүдө.

Количество просмотров: 180