• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирустан айыккан бейтаптар үчүн дарыгердин сунуштары…

20 Баш оона 2021 11:01 Бишкек Govori.TV

Оорудан айыккан жарандардын бардыгы организмдин жабыркаганына карабастан ден соолугун толук калыбына келтирүүсү абзел. Бул тууралуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдɵɵ институнун башкы дарыгери Акбарали Махмадиев брифинг учурунда билдирди.

Махмадиев илдеттен айыккан бейтаптар үчүн бир топ сунуштарды атап өттү:

• Дем алуу гимнастикасы сунушталат, ал дем алуу органдарынын калыптанышына жана канды кислород менен байытууга жардам берет;
• Илдеттен айыккандан кийин алгачкы күндɵрү аз-аздан жай басып, физикалык жакта активдүү болуу зарыл. Таза абада 30 мүнөттөн кем эмес жай басып эс алуудан баштоо зарыл;
• Оорудан айыккандан кийин тамактануу эрежелерин сактоо зарыл. Таза суу, компот, морс, сүт азыктарын жана башкаларды ичүү сунушталат. Тамактануу балансталган, рациондо белок, май, углевод, ошондой эле витаминдер, минералдар керек;
• Ошол эле учурда куурулган, туздуу, ачуу тамак-аштарды, шекерден, таттуу суусундуктарды чектөө керек;
• Тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктерин ичүүдɵн баш тартуу зарыл;
• Иммунитетти толук бекемдөө жана моралдык-психологиялык абалдын жакшыруусу үчүн уктоо, физикалык активдүүлүк жана жаман адаттардан арылуу зарыл.

Количество просмотров: 90