• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2026-жылы дарыгерлердин айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда

15 Аяк оона 202513:37 Бишкек Govori.TV

2026-жылы дарыгерлердин айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.

Министрдин айтымында, учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 25 миң сомдун тегерегинде.

“Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлө элек, ал эми кенже кызматкерлердин жана техникалык персоналдардын эмгек акысы мурда көтөрүлбөй калгандыктан, көбөйтүлгөн. 2026-жылы дарыгерлердин маянасын 50%га көтөрүүнү пландап жатабыз”, — деди ал.

Мындан тышкары Чечейбаев белгилегендей, баштапкы баскычтагы ординатор-дарыгерлердин айлыгы 20 миң сомдун тегерегинде.

Количество просмотров: 173