• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирустан айыккандардын саны 992ге жетти

25 Бугу 202010:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда дагы 12 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

«Акыркы суткада Бишкек шаарынан 6, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1, Ош облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча жалпы 992 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 77