• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустан улам Хабиб менен Тонинин беттешин өткөрүүгө тыюу салынды

19 Жалган куран 2020 11:20 Бишкек Govori.TV

Нью-Йорк шаарынын атлетикалык комиссиясы UFC уюмун «UFC 249: Khabib vs. Ferguson» турнирин өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Буга өлкө коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнү улантып жатканы себеп болгон.

UFC уюмуна Ооруларды көзөмөлдөө борборунун сунушуна байланыштуу турнирди өткөрүү мүмкүн эмес экени маалымдалды.

Бир нече күн мурун уюмдун президенти Дэйна Уайт мушкерлер — Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши кандай гана учур болбосун өтөрүн билдирген болчу.

«UFC 249» турниринде UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Тони Фергюсон беттешмек. Буга чейин UFC уюму аталган 2 мушкердин беттешин төрт жолу уюштурууга аракет кылган. Бирок ал планы ишке ашкан эмес.

Количество просмотров: 104