• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Коронавирусту дагы 2 медкызматкер жуктуруп алды

28 Чын куран 202010:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирусту дагы 2 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 185 учур катталды.

«2 учур тең Нарын облусунун Жумгал районунда катталган. Анын бирөө дарыгер, бирөө кичи медкызматкер», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 132