• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирустун 85 жаңы учуру катталды

15 Теке 2022 12:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун 85 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 28 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 57 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган. Катталгандардын ичинен 18и вакцинанын экинчи дозасын алган.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 73, ооруканада 12 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учур катталган.

Количество просмотров: 185