• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустун жаңы түрү 80 өлкөгө жайылды

3 Бирдин айы 2021 11:38 Бишкек Govori.TV

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавирустун жаңы түрү бир жума ичинде дагы он өлкөдөн табылды.

Алгач Британиядан табылган түрү өзгөргөн вирус жалпысынан 80 өлкөгө жетти.

Вирустун дагы бир түрү — 501Y. V2, алгач Түштүк Африка мамлекетинде аныкталып, азыр жалпы 41 өлкөгө таркады. Акыркы жумада 8 өлкөдөн аныкталды.

Коронавирустун дагы бир түрү Бразилиядан чыкты. 27-январдан тарта ал эки өлкөдө чыкса, дагы он мамлекетке жеткени айтылууда.

Дүйнөдө коронавирусту 103,4 миллион адам жуктуруп, 2,2 миллиону каза тапты.

Количество просмотров: 44