Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV.
Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышып жатканда айтты. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы борбор шаардагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрдү, окуучулар менен маектешти.
Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө көп болуп жатканын белгиледи.