Бишкек 12.03.2018 Govori.Tv
Ош облусунун прокуратурасы Өзгөн районунда салынып жаткан социалдык обьектилерди текшерүу учурунда ири суммадагы каражат уурдалганын аныкташты.
«Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы 2015-жылы «Э.Н.» ЖЧК менен Өзгөн районунун Ак-Жар айылына бала-бакча куруу боюнча 20 млн 652 миң сомго келишим түзүшкөн. Келишимдин шарттарына ылайык курулуш иштери 2016-жылдын 25-августунда бүтмөк. Бирок Капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Э.Н.» ЖЧКсы бааны негизсиз жогорулатып жана 3 млн 979 миң сомду өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алгандыгынын кесепетинен бала-бакча курулуп бүтпөй калган,-деп жазылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.
Учурда «Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу», «Ишенип берилген каражатты сарптоо жана өзүнө ыйгарып алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.